Ноокатта 200 млн долларга жер семирткичтерди өндүрүү боюнча ишкана курулат

 Ноокатта 200 млн долларга жер семирткичтерди өндүрүү боюнча ишкана курулат

Ош облусунун Ноокат районунун Кулатов айыл аймагында 200 млн долларга жер семирткичтерди өндүрүү боюнча ишкана курулат.

Ишкана 100 гектар жерге курулуп, жылына 1 млн тонна, күнүнө 200 тонна минералдык жер семирткич өндүрөт. Заводдо 800-1000 киши жумуш орун менен камсыздалат. Минералдык жер семирткичтерди чыгаруу үчүн көмүрдүн пайдасы (гүмин) колдонулат.

Учурда жерди трансформациялоо иштери аткарылууда.

Жанылыктар