УКМК: Ноокат райондук сотунун сот аткаруучусу кармалды

Ноокат райондук сотунун сот аткаруучусу К.Т.А. УКМК тарабынан кармалды. Ал 2022-жылдын 17-октябрында мыйзамсыз курулушту бузуу боюнча соттун чечимин аткаруу үчүн С.А. аттуу жарандан 500 доллар акча каражатын талап кылып, 14 миң сомун алып жаткан учурда кармалган.
Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара талап кылуу) боюнча , кылмыш иши козголду. Кармалган сот аткаруучу КРнын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда аталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.