Ниязбеков: кармалгандар баңгизатты кайдан алгандыгын иликтеп жатабыз

Ички иштер министри Улан Ниязбеков иликтөөчү журналист Болот Темировго жана төкмө акын Болот Назаровго козголгон кылмыш иши, алардын кармалышы жана тергөөнүн жүрүшү тууралуу комментарий берди.
Министрдин маалыматына ылайык, Бишкектин тургуну арыз менен милицияга кайрылып, «Болот» аттуу жигит былтыр 25-октябрдан тартып достору менен баңгизат каражаттарын колдонууга ыктап жана мажбурлап жатат, ошондой эле Бишкек шаарынын Логвиненко көчөсү №55 үйдө жайгашкан кеңседе да баңгизаттарды колдонууга көндүрүү болуп жаткандыгын жана мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.
«Аталган арыздын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 287-беренесине ылайык (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатсыз мыйзамсыз даярдоо жана баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды колдонууга көндүрүү) кылмыш иши козголгон. Козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам иликтөө жана тергөө амалдары жүргүзүлдү. Бул кеңсе журналист Б.Тга таандык экендиги бегилүү болгон. Тинтүү маалында Б.Тнын джинсы шымынын арткы чөнтөгүнөн полиэтилен пакети аныкталып алынган, экспертизалык изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык анын ичиндеги зат 7,77 грамм салмактагы «Гашиш» (кара куурай чайыры) баңги каражаты болуп чыккан»,- деп билдирди Ниязбеков.
Мындан сырткары ошол эле күнү Бишкектеги Турусбеков жана Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинде милиция кызматкерлери тарабынан Б.Н. кармалып тинтүү маалында жанынан полиэтилен пакет табылганы, анын экспертизалык изилдөөнүн жыйынтыгында 14,71 граммды түзгөн «Гашиш» (кара куурай чайыры) баңги каражаты болуп чыкканын маалымдады.
Бул фактылар боюнча кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгон (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо). Кылмышка шектүү Б.Тга жана Б.Нга айыптар коюлуп, бөгөт коюу чарасы “Эч жакка кетпөө” жөнүндө тил каты алынган. Ошондой эле Свердлов райондук соту тарабынан экөөнүн кармалышы мыйзамдуу деп табылган. Азыркы учурда тергөө амалдары улантылууда.
«Биз коомчулукка таанымал жарандардын арасынан ушундай кылмыштуу жагдайларга баруусун күткөн эмеспиз. Тескерисинче, ар кандай кылмыштар, ушул эле баңгизаттар багытындагы кылмыштар боюнча да, айрым бир башка кылмыштардын алдын алууга да журналисттер ар дайым бизге жардам берип келишкендигин белгилеймин. Бирок факт деген факт экен. Арыз менен кайрылды, биз чара көрүү үчүн тактоо иретинде тиешелүү иш-чараларды жүргүздүк. Тилекке каршы, жыйынтыгында кылмыштын курамы бар экендиги такталып олтурат. Тиешелүү экспертизалар алынды, тергөө иши акыйкат жана мыйзам чегинде жүргүзүлөт, тергөөнүн жүрүшү толугу менен менин көзөмөлүмдө болот. Баса белгилеп кетүүчү жагдай коомдун алдынкы прогрессивдүү билимдүү азаматтардын баңгизаттарды пайдаланып, ал түгүл башка жарандарды да мажбурлап жаткандыгы мени өкүндүрөт»,- деп билдирди Ниязбеков.
Ошондой эле кармалган жарандардын баңгизаттарды кайдан жана кимден алышкандыгын, кимдер менен байланыштары болгондугу боюнча иликтөө жүрүп жатканын кошумчалады.
Иликтөөчү журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаров 22-январь күнү кечинде кармалган. Эртеси нараазычылык акциядан кийин эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулган.