Нидерландиянын дүйнө чемпионатына катыша турган курамы

 Нидерландиянын дүйнө чемпионатына катыша турган курамы

Нидерландия Катарда өтө турган 22-дүйнө чемпиондугуна бара турган курамын жарыялады. Алар кимдер?

Дарбазачылар:

ЮСТИН БЕЙЛО («ФЕЙЕНООРД»), АНДРИС НОППЕРТ («ХЕРЕНВЕН»), РЕМКО ПАСВЕР («АЯКС»).

Коргоочулар:

ВИРДЖИЛ ВАН ДЕЙК («ЛИВЕРПУЛЬ»), НАТАН АКЕ («МАНЧЕСТЕР СИТИ»), ДЕЙЛИ БЛИНД, ЮРРИЕН ТИМБЕР («АЯКС»), ДЕНЗЕЛ ДУМФРИС, СТЕФАН ДЕ ВРЕЙ («ИНТЕР»), МАТТЕЙС ДЕ ЛИГТ («БАВАРИЯ»), ТИРЕЛЛ МАЛАСИА («МАНЧЕСТЕР ЮНАЙТЕД»), ЖЕРЕМИ ФРИМПОНГ («БАЙЕР»).

Жарым коргоочулар:

ФРЕНКИ ДЕ ЙОНГ («БАРСЕЛОНА»), СТИВЕН БЕРГЕЙС, КЕННЕТ ТЕЙЛОР («АЯКС»), ТЕН КОПМЕЙНЕРС, МАРТЕН ДЕ РОН («АТАЛАНТА»), КОДИ ГАКПО, КСАВИ СИМОНС (ПСВ).

Чабуулчулар:

МЕМФИС ДЕПАЙ («БАРСЕЛОНА»), СТИВЕН БЕРГВЕЙН («АЯКС»), ВИНСЕНТ ЯНССЕН («АНТВЕРПЕН»), ЛЮК ДЕ ЙОНГ (ПСВ), НОА ЛАНГ («БРЮГГЕ»), ВАУТ ВЕГОРСТ («БЕШИКТАШ»).

Нидерланддардын футбол боюнча курама командасы дүйнөлүк чемпионатта ийгиликке жете албаган командалардын катарына кирет. Жылдыз оюнчулардын күчтүү муундарына толгон команда Европа чемпиондугун да эч качан жеңген эмес. Бирок ошол эле учурда үч жолу финалда ойногон. Улуттук курама квалификациялык баскычта Луи ван Галдын жетектөөсүндө өз тайпасында биринчи орунду ээлеп, Катарда жогорку орундарга талапкер катары барат. Голландияда дарбазачылардын курамында белгилүү ысымдар жок. Бул жолу тизмеде жергиликтүү лигадан үч дарбазачы бар, ал эми ким негизги болоору белгисиз. Бирок коргонуу бөлүгүнөн баштап мыкты оюнчулар чакырылган. Негизги оюнчу катары Ливерпулдук Виржин ван Дейк дүйнөдөгү эң кымбат оюнчулардын бири. Ал «Баварияда” ойногон Маттейс де Лигт менен бир сызыкта ойной алат. Мындан сырткары Манчестер Юнайтедден Тирелл Малазия же Интерден Дензел Дамфрис.

Жарым коргоочулар арасында дагы үч оюнчу Голландия чемпиондугунун атынан чыгууда. Бирок алардын баары өлкөнүн дээрлик негизги таланттары болуп эсептелет. Ошол эле Коди Гакпону Манчестер Юнайтедке өтөт деген маалыматтар бар. Бул сезондо чабуулчу жарым коргоочу бүткүл Европадагы гол + пас системасында эң мыкты болуп эсептелет.

Мемфис Депай, Люк де Йонг жана калгандары чабуулда өздөрүн көрсөтүүгө аракет кылышат. Аларды өзгөчө формада деп айтуу кыйын, бирок дүйнө чемпионаты алар үчүн карьерасын кайра баштоо үчүн сөзсүз мүмкүнчүлүк болот.

Голландия биринчи жолу 1934-жылы дүйнөлүк чемпионатка катышып, 1/8 финалга чыккан. Ушундай эле жыйынтык 1938-жылы да болгон. Андан бир нече жылдар бою финалдык турнирге катышпай калган. 1974 жана 1978-жылдары команда эки жолу катары менен финалда ойногон. Андан кийин дагы бир төмөндөө. 21-кылымда голландиялыктар 2010-жылы дүйнөлүк чемпионатта финалга жана 2014-жылкы дүйнөлүк чемпионатта жарым финалга жеткенде гана кайра команда жанданган. Ал эми Орусиядагы акыркы турнирге да жолдомо алган эмес.

Нидерландия курамасы дүйнө чемпионатынын группалык баскычында Сенегал,Катар жана Эквадор менен кездешет. Алгачкы оюнун Сенегал менен 21-Ноябрь күнү, саат 22:00дө өткөрөт.

Белгилей кетсек 22-дүйнө чемпионаты 20-Ноябрь күнү башталат.

 

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар