Next TV телеканалынын кызматкери милицияга суракка чакырылды

Next TV телеканалынын кызматкери Тилек Жуматаев бүгүн, 3-мартта Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгына суракка чакырылды. Бул туурасында “Азаттыкка” телеканалдын башкы продюсери Дмитрий Ложников билдирди.
Анын айтымында, иликтөө материалдарын визуализациялоо менен алектенген Жуматаев күбө катары чакырылган.
“Азырынча анын суракка эмне себептен чакырылганы белгисиз. Бул айып пулдардын кымбатташына байланыштуу мессенжерлер жана социалдык тармактардагы талкууга тиешеси болушу мүмкүн. 1-мартта Тилек үйүнүн тегерегинде аны аңдуулар болуп жатканын билген. Белгисиз адамдар анын туугандарынан Тилекти кантип табууну сурашкан. Алар өздөрүн тааныштырган эмес. Мындай 2-мартта да болгон. Ошондо Тилектин туугандары алардын бирөө Аламүдүн ИИБинин кызматкери экенин айткан”, – деди Ложников.
Чүй облустук ички иштер башкармалыгы бул жагдай боюнча маалымат такталып жатканын билдирди.