Телерадиокомпания

Назарбаев “Нур Отан” партиясынын төрагалыгын Токаевге тапшырат

 Назарбаев “Нур Отан” партиясынын төрагалыгын Токаевге тапшырат

23-ноябрда “Нур Отан” партиясынын саясий кеңешинин жыйынында Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев партия төрагалыгын азыркы мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаевге тапшыра турганы жарыяланды. Бул тууралуу Назарбаевдин басма сөз катчысы Айдос Үкибай жазды.

Казакстанды отуз жылдай башкарган Нурсултан Назарбаев 2019-жылдын март айында президенттиктен кеткен. Бирок, бийликтеги партиянын төрагалыгын сактап калган. Коопсуздук кеңешин көзү өткөнчө башкаруу укугуна ээ.

Мындан улам байкоочулар 81 жаштагы Назарбаев мурдагыдай эле өлкөнү де-факто өзү башкарып жатканын айтып, аны Кытайдын мурдагы лидери Дэн Сяопин менен салыштырып келишет. Ал кызматтан кеткени менен мамлекет саясатын башкарууну узак жылдарга чейин өз колунан чыгарбай келген.

Жанылыктар