НАТО Россияны террордук өлкө катары таанууга чакырды

 НАТО Россияны террордук өлкө катары таанууга чакырды

НАТОнун парламенттик ассамблеясы 21-ноябрда альянстын бардык мүчөлөрүн орус мамлекетинин азыркы режимин террористтик деп так атоого чакырган резолюцияны бир добуштан кабыл алды.

Документте орус агрессиясы боюнча атайын Эл аралык трибунал түзүү зарылдыгы айтылат.

“Россия жетекчилиги карапайым калкка жана инфраструктураларга сокку уруу менен мурун болуп көрбөгөндөй наадандыгын көрсөтүп, чыныгы террорчулардай аракеттенүүдө. Биз аларды эл аралык трибуналда террористтер катары соттошубуз керек”, – деди НАТОнун парламенттик ассамблеясынын жаңы шайланган төрайымы Жоэль Гарьо-Майлям.

Буга чейин ушундай эле резолюцияны ПАСЕ, мындан тышкары Эстония, Латвия, Литва, Польша жана Чехия парламентери кабыл алган.

Украина дүйнө өлкөлөрүн Россияны террорист мамлекет катары таанууга чакырып келет. АКШ администрациясы октябрда Россияны терроризмдин демөөрчүсү катары колдоого даяр эместинин билдирген. Себеби Ак үй Россияны толугу менен террорист өлкө катары таануу өтө олуттуу тармактарда кызматташуу мүмкүндүгүнө толугу менен бөгөт коет деп эсептейт. Күн мурун Франция президенти Эммануэль Макрон да бул демилгеге каршы чыккан.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар