НАТО: Орусия Бахмутта Украинадан беш эсе көп аскерин жоготту

 НАТО: Орусия Бахмутта Украинадан беш эсе көп аскерин жоготту

НАТОнун чалгындоо кызматы Бахмуттун жанындагы орус аскерлеринин жоготууларын украин тараптын жоготууларынан беш эсе көп деп баалады. Бул тууралуу CNN НАТОдогу өз булагына таянуу менен билдирди.

Буга чейин Американын согушту изилдөө институту менен Украинанын кургактагы күчтөрүнүн кол башчысы, генерал-полковник Александр Сырский орус армиясынын ири жоготуулары тууралуу маалымдаган. Согушту изилдөө институту Бахмуттун жанындагы кармаш дагы бир нече айга созулушу мүмкүн деп эсептейт.

Бахмуттун жанындагы салгылашуу жарым жылга жакын убакыттан бери уланууда. Согушка чейин Донецк облусундагы бул шаарда 70 миңдей адам жашаган. Азыр калаа урандыга айланды. Орусиянын кол башчылыгы жана “Вагнер” жеке аскер компаниясынын башчысы Евгений Пригожин Бахмуттун курчоого алынганын жана каршы тараптын мизи кайткарылганын бир нече жолу кабарлаган. Украина бийлиги аскерлер шаарды коргоону улантууда деп ырастоодо.

6-мартта Украинанын президенти Владимир Зеленский армия жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү. Ал Украина Бахмуттан аскерлерин чыгарбай турганын, шаарды коргоону улантарын билдирди.

12-февралда “Би-Би-Си” жана “Медиазона” орус армиясынын согуш башталгандан берки жоготуулары тууралуу маалыматтарды жарыялаган. Ачык булактардан алынган маалыматтарга караганда, 14 миң 93 орус аскери набыт болгон. Жоготуулардын чыныгы саны алда канча көп болушу мүмкүн.

Батыштын чалгын кызматынын эсептөөлөрү боюнча согушта 60 миңдей орус аскери өлгөн болушу мүмкүн. Былтыр ноябрда Пентагон эки тараптан тең 100 миңдей киши каза тапканын кабарлаган.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар