Нарындагы жол кырсыгы эки адамдын өмүрүн алды

Бүгүн, 6-декабрга караган түнү саат 00:22 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Кочкор районундагы Семиз-Бел айылынан жол кырсыгы каттталган. Анда BMW үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып бакты сүзгөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Кырсыктын кесепетинен бир эркек, бир аял киши каза болгон. Учурда аты-жөндөрү такталууда.
Куткаруучулар эркек кишинин сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Жерине төрт куткаруучу, милиция кызматы жана тез жардам кызматы тартылган.