Нарында жол кырсыгынан 4 адам каза болуп, 2 киши жабыркады

«Бишкек – Нарын – Торугарт» унаа жолунун 125-чакырымында (Теңдик айылы) жол кырсыгы катталган.
Кырсыктын кесепетинен 4 адам каза болгон. Алар: 1999-жылы туулган М. уулу К, 1950-жылы туулган И.К, 2009-жылы туулган С.А. жана 2017-жылы туулган С.А. аттуу эки кыз каза болуп, 1999-жылы туулган М уулу Ы. жана 2006-жылы туулган Д.Ө. атуу эки эркек бала жабыркаган.
Жерине 5 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдардын сөөгүн унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Жабыркагандар тез жардам кызматы менен Кочкор райондук ооруканасына жеткирилген.
Баардык укуктары корголгон. oshtv.kg сайтында жайгаштырылган материалдар жеке тараптын колдонуусу үчүн гана. Сайттагы материалдарды колдонгонго, көчүргөнгө, жайгаштырганга жана жайылтууга макулдашуусуз уруксат берилбейт. Колдонулган материалдарга шилтеме сөзсүз болушу зарыл. ОшТВ телерадиокомпаниясы