Нарында уулу өз атасына бычак сайып өлтүрүп алды

 Нарында уулу өз атасына бычак  сайып өлтүрүп алды

Нарында уулу өз атасын бычак менен сайып өлтүрдү.  Бул тууралуу Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, милицияга кечээ, 7-июнда болжол менен саат 14:30 чамасында Нарын облустук ооруканасынан Нарын районунун Алыш айылынын 1975-жылы туулган К.Т. аттуу тургуну үйүнөн өз атасын бычак сайып, денесине жаракат келтиргендиги тууралуу билдирүү түшкөн.

Милиция кызматкерлери жерине барып, ошол эле күнү саат 13:30 чамасында К.Т. эшиктен мас абалында үйүнө келип, жубайы менен уруша кетип, келинине болушкан атасына бычак сайып жибергендиги аныкталган.

Натыйжада шектүүнүн атасы — 1951-жылы туулган К.Э. денесинен алган жаракатынан улам окуя болгон жерден каза болуп калган. Бирок, шектүү окуя болгон жерден шектүү изин жашырып качып кеткен.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин Адам өлтүрүү беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Милиция тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Т.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Нарын РИИБи тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Жанылыктар