Нарында токой чарбасынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Нарын облусунун Ат-Башы районунун токой чарбасынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул туурасында УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, Ат-Башы районунун токой чарбасынын жумушчусу Б.А.С. кечээ, 28-февраль күнү 10 000 сом өлчөмүндө акча каражатын алуу учурунда кармалган.
“Б.А.С. буга чейин да ушундай эле аракети үчүн жоопко тартылган. Ошол эле учурда, 2015-жылдан 2018-жылга чейин “АКНК” (Коррупцияга каршы элдик көзөмөл) коомдук уюмунун активдүү мүчөсү болгон. Ал узак убакыт бою А.А.А. аттуу жаранды мурда жумушка орноштургандыгы үчүн, узак убакыттан бери коркутуп-үркүтүп жана шантаж жолу менен акча талап кылып жүргөн”,-деп айтылат маалыматта.
Шектүү кызмат адамы эмес болгондугуна байланыштуу ага башка жакка кетпөө жөнүндө бөгөт коюу чарасы коюлду.
Учурда керектүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.