Нарын: Жер талашуудан ок атылып алты адам жаракат алган

Нарында жер талаштан чыккан жаңжалдан улам ок атылып, жергиликтүү тургундар жараат алышканын облустук милиция билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, окуя 7-июлда кечки саат 11 чамасында болгон, Нарын районунун Хутор-Ак-Талаа айылынын жашоочусунун үйүн бирөөлөр аткылап жатышканы тууралуу маалымат түшкөн.
“Айылдын К.Б. аттуу тургуну ошол эле айылдын 30-40ка чукул тургуну чогулу, анын үйүнүн терезелерин жана эшиктерин таш менен талкалап, дарбазасынын сыртында турган “Субару-Аутбек” машинасын өрттөп жатышкан учурда үйүндө сакталып турган ок атуучу куралы менен топтошкон элди карай ок чыгарган. Натыйжада алты адам денесинен ар кандай жараат алып, облустук ооруканага жеткирилген”, деп айтылат маалыматта.
Жараат алгандардын үчөөнүн абалы оор болгондуктан аларга операция жасалганы маалымдалды.
Ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, жер талаштан улам эки тарап буга чейин бирин бири айыптап, арыз жазып жүрүшкөн. Айыл тургундары, көбүнчө жаштар, сүйлөшүү үчүн барганда уруш чыгып кетип, аягы ок атуу менен аяктаган.