Нарын дарыясына сегиз жашар бала агып кетти

 Нарын дарыясына сегиз жашар бала агып кетти
Сегиз жашар бала Нарын дарыясына агып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 8-мартта Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Орто-Нура айылында 8 жашар Т.Т. аттуу бала Нарын дарыясына түшүп кеткен. Аны издөөгө 31 куткаруучу, 23 милиция кызматкери, 60 жергиликтүү тургун тартылган.

Жалпы 55 чакырым аралыкта издөө иштери жүргүзүлүп, кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган.

Бүгүн, 9-март күнү ишдөө иштери  улантылаары айтылган.  

Жанылыктар