“Нарын дарыясы  жарым кургак”.  Сүрөтчү Влад Ушаков Нарын дарыясындагы суунун бүгүнкү күндөгү абалын көрсөттү

 “Нарын дарыясы  жарым кургак”.  Сүрөтчү Влад Ушаков Нарын дарыясындагы суунун бүгүнкү күндөгү абалын көрсөттү

Токтогул суу сактагычына куюучу  Нарын дарыясынын  жарым кургак  болгон абалын  белгилүү сүрөтчү Влад Ушаков тарткан. Ал сүрөттөрдү Фейсбуктагы баракчасына жайгаштырды.

«Бул жыл ичиндеги биринчи коркунучтуу көрүнүш. Токтогул суу сактагычына кошулуучу Нарын суусу дээрлик жок. Сүрөттө Нарын дарыясынын Камбар-Ата 2 ГЭСинин агымы. Сууну үнөмдөйлү!», — деп жазат ал.

Белгилей кетсек, быйылкы кыш Кыргызстанда өтө жылуу жана кар аз болду. Синоптиктер мезгил-мезгили менен бороон-чапкын тууралуу эскертүү берип, бирок декабрь айынын ортосунан бери өлкө боюнча жаан-чачын жок.

Буга чейин Токтогул суу сактагычында өтө аз суу калганы, үнөмдөө чаралары азыр көрүлбөсө, 2022-жылы Токтогул каскадындагы генераторлор авариялык өчүрүлүшү мүмкүн экени айтылган.

 

Жанылыктар