Нөшөрлүү жамгырдан улам Жалал-Абадда турак үй урап түштү

 Нөшөрлүү жамгырдан улам Жалал-Абадда турак үй урап түштү

Жалал-Абад шаарында тынымсыз жааган жамгырдан улам турак үй урап түштү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кырсык кечээ, 15-мартт саат 23:15 чамасында жаандын кесепетинен шаардык Нагорная көчөсүндө жайгашкан №171 турак үйдүн дубалын жууп, Барпы-Сейил көчөсүндө жайгашкан №182 турак үйгө көчүп түшкөн.

Ураган 2 турак жайдагы  22 адам кошуналардын үйлөрүнө убактылуу көчүрүлгөн. Ал эми Ж.Бакиев көчөсүндө жайгашкан 71/8 турак үйдүн короосун суу каптаган.

Окуя болгон жерге Жалал-Абад шаардык №20 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылган.

Тартылган күч каражаттардын жардамында суулар мотопомпанын жардамында сордурулган.

 

Жанылыктар