Мыйзамсыз алтын алып өтүүнү көздөгөн Өзбекстандын 4 жараны “Ош” аэропортунан кармалды

“Ош” аэропортунда Өзбекстандын төрт жараны 2 кг жакын контрабандалык алтын буюмдары менен кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.
19-март күнү саат 19:30дар чамасында Ош облустук милиция кызматкерлери “Түштүк” бажычылары менен биргеликте алтын буюмдарды контрабандалык жол менен алып бара жаткан төрт жаранды колго түшүшргөн.
“Текшерүүнүн жүрүшүндө Өзбекстандын төрт жаранынан: 51 жаштагы М.Л. аттуу жарандан салмагы 500 граммды түзгөн ак алтындан жасалган зергер жасалгалар (эки даана билерик, бир даана шакек жана бир даана моюнга тагуучу чынжырча),
51 жаштагы М.Т. аттуу жарандан (аял киши) салмагы 430 граммды түзгөн алтындан жасалган зергердик жасалгалар (эки даана шакек, бир даана билерик, бир даана моюнга тагуучу чынжырча),
27 жаштагы Н.Н. аттуу жарандан салмагы 504 граммды түзгөн алтындан жасалган зергер жасалгалар (бир даана шакек, эки даана билерик, бир даана моюнга тагуучу чынжырча),
23 жаштагы М.Н. аттуу жарандан салмагы 508 граммдан турган алтындан жасалган зергер жасалгалар (эки даана шакек, эки даана билерик жана бир даана моюнга тагынуучу чынжырча) алынган” –деп айтылат маалыматта.
Шектүүлөр 1 кг 972 грамм алтындан жасалган зер буюмдарын тагынып өтүп баратышкан. Маалыматта айтылгандай, төрт жаран жакын туугандар болушкан.
Бүгүнкү күндө аталган жарандардын көрсөтүлгөн алтын буюмдарын алган жерин жана эмне максатта алып бара жатышкандыгын аныктоо максатында текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.