Ош шаарында 4 млн 350 миң сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

 Ош шаарында 4 млн 350 миң сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Ош шаарында 4 млн 350 миң сомду түзгөн жеке менчике өтүп кеткен жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу башкы прокуротуранын басма сөз кызматынан билдирди. 

Маалыматка ылайык, Ош шаардык мэриясынын 2020-жылда чыгарылган токтомунун негизинде Р.А. аттуу жаранга “Амир Темур” кичи районундагы 500 чарчы метр жер тилкеси мыйзамсыз бөлүнүп, ага жеке менчик укугу жөнүндөгү мамлекеттик акты берилгендиги аныкталган.

Ошондой эле Ош шаардык прокуратурасы тарабынан сотко келтирилген доо арызы толук канааттандырылып, мэриянын токтому жана мамлекеттик акт жараксыз деп табылды. Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде, 4 млн 350 миң сомду түзгөн жалпы аянты 500 чарчы метр жер тилке муниципалдык менчикке кайтарылды.

Ош шаарынын прокуратурасы мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен муниципалдык жерлерди кайтаруу боюнча иш-аракеттер жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Жанылыктар