Мыйзамсыз балык кармагандар айыпка жыгылды

2022-жылдын 20-май күнү Кемпир-Абад суу сактагычынын Кара-Дарыя дарыясынын куюлмасына Кароол Айыл Өкмөтүнүн Мырза-Арык айылынын тургуну Карабаев Жумабек мыйзамсыз тор салып жүргөн жеринен кармалды. Бул тууралуу КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош региналдык башкармалыгынан билдиришти.
Ал өлкө аймагында колдонууга тыюу салынган 500 м синтетикалык тор менен 16 баш карас жана 39 баш сазан балыгын кармап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы №128 “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 267-беренесин бузган.
Мыйзамсыз балык уулаган жаран Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош региналдык башкармалыгынын, Айыл-чарба министрлигине караштуу Балык департаментинин адистери, “Карим-Ата” ЖЧКнын егери жана коомдук инспекторлор болуп биргеликте жүргүзгөн рейддин жүрүшүндө аныкталды.
Келтирилген зыяндар эсептелинип, аталган жаранга 5 500 сом айып жана 25 543 сом доо коюлду.
Коюлган доо жана айып пул толугу менен мамлекеттик бюджетке өндүрүлдү.