Мыйзамсыз акча чогултууга шектелип, Транс Эксперт» ЖЧКсынын жетекчилери кармалды

 Мыйзамсыз акча чогултууга шектелип, Транс Эксперт» ЖЧКсынын жетекчилери кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети  «Транс Эксперт» ЖЧКсынын жетекчилери И.Б.К. жана М.Э.С. кармалганын билдирди. 

Атайын кызматтын маалыматында кармалгандар былтыр апрелден октябрь айына чейин «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу Кытайдан келген оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан мыйзамсыз түрдө акча чогултушканы аныкталганы жазылган.

“Көрсөтүлгөн жеке компаниянын жетекчилери материалдык пайда алуу максатында ар бир айдоочунун ар бир каттамы үчүн 50 АКШ доллар чогултуп турган, эгер андай кылбаса жүксүз жана жумушсуз калышаарын айтып коркутушканы тергөө иштеринде аныкталды. Аталган кармалган адамдар оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына шарт түзүп берүү шылтоосу менен жалпысынан 150 миң АКШ доллар акча каражатын алышкан”, – деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Жанылыктар