ОшТВ телерадиокомпаниясы

Мыйзамсыз 10 млн сомдук дары-дармектерди алып өтүү фактысы аныкталды (сүрөт)

 Мыйзамсыз 10 млн сомдук дары-дармектерди алып өтүү фактысы аныкталды (сүрөт)

“Чоң-Капка авто-жол” контролдук өткөрүү пунктунда дары-дармектерди мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кыган жаран колго түштү. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, 5-январь күнүн “Т.А.” аттуу кыргыз жаранынын башкаруусунда «Вольво» үлгүсүндөгү унаа кармалган.

Унааны текшерүү учурунда, жалпы суммасы болжол менен 10 миллион сомдон ашык болгон, ар түрдүү товарлар деп катылган, 224 кутуча дары-дармектер табылды. Ошол эле учурда бул дары-дармектердин тиешелүү документтери жок болуп, ташуудагы милдеттүү шарттар аткарылган эмес.

Белгилей кетсек, бул унаа Россия Федерациясынан келип, республиканын түштүк аймактары көздөй бара жаткан.

Учурда бул фактынын жагдайларын тактоо, анын ичинде контрабандалык жүктүн келип чыгышын жана чыныгы ээлерин аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Жанылыктар