“Мыйзам Нуру Коррупцияга каршы коомдук жардам” коомдук бирикмесинин өкүлү кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) акча каражатын алып жаткан жеринен “Мыйзам Нуру Коррупцияга каршы коомдук жардам” коомдук бирикмесинин инспектору Т.Г.Б. кармалганын билдирди.
Такталгандай, инспектор Т.Г.Б. Жалал-Абад облусундагы бала бакчалардын биринин директорун, колунда бар делген компроматты укук коргоо органдарына өткөрүп берем деген коркутуу менен акча каражатын талап кылгандыгы аныкталды.
Кылмышка шектүү УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө иштери жүрүп жатат.