Мыйзам бузгандыгы үчүн «Сапат» билим берүү комплексине эскертүү берилди

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы “Сапат” билим берүү комплексине эскертүү берди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, “Сапат” билим берүү комплексине «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамын, «Билим берүү жөнүндө» мыйзамын бузгандыгы үчүн жазма эскертүү берилди, анын алкагында окуу жайдын сайтындагы билим берүүнүн бааларын чет өлкөлүк валютада көрсөтүү менен маалыматтарды таратуу фактылары жоюулушу зарыл.
«Чечим кабыл алууга негиз болуп, «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Мыйзамынын 9-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-абзацын, Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» 43-2 беренесин бузуу эсептелет, анда товарлар (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) жөнүндө маалымат милдеттүү түрдө товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) жана (же) пайыздык туюнтмадагы баасы, комиссиялык сый акылары жана тарифтери улуттук валютада көрсөтүлүшү керек, Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик, муниципалдык жана жеке билим берүү уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө билим берүү уюмунун банктык эсебине же казыналыктагы атайын эсебине акча каражаттарын чегерүү жолу менен, улуттук валютада жүргүзүлүшү керек. Ошол эле учурда, окуу жайдын сайтында билим берүүнүн баалары АКШ долларында берилген»,- деп билдирди Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы