Мьянма лидери АКШ дүйнөдөгү туруктуулукту жок кылууну каалайт деп айыптады

 Мьянма лидери АКШ дүйнөдөгү туруктуулукту жок кылууну каалайт деп айыптады

Мьянма лидери, өлкөнүн премьер-министри Мин Аун Хлайн АКШ дүйнөдөгү туруктуулукту жок кылууну каалайт деп айыптады. Бул тууралуу ал РИА Новостиге берген маегинде билдирди.

“АКШ өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташтыкты айыптоосунун башкы себеби бул дүйнөлүк тынчтыкты бузуу болуп саналат. АКШнын мындай кийлигишүүсү демократия, адам укуктары жана долларга көз карандылыкты түзүү шылтоосу менен ишке ашат»,- деди.

Мьянма лидери Америка Кошмо Штаттары Түштүк-Чыгыш Азиядагы “ар кандай өлкөлөрдө туруктуулукту жок кылууну каалаган” оппозициялык күчтөргө колдоо көрсөтүп келген деп белгиледи.

Ал эми АКШ жана Улуу Британия Мьянманын аскердик өкмөтүнүн легитимдүүлүгүн тааныбайт жана өлкөнүн тез арада жарандык башкарууга кайтып келишин талап кылууда.

Жанылыктар