Мурунку жумаларга салыштырмалуу көп. Өлкөдө сутка ичинде 37 өрт кырсыгы катталды

 Мурунку жумаларга салыштырмалуу көп. Өлкөдө сутка ичинде 37 өрт кырсыгы катталды

Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 37 өрт кырсыгы катталды. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, Бишкек шаарында 9, Чүй облусунда 8, Ысык-Көл облусунда 1, Ош облусунда 5, Ош шаарында 1, Жалал-Абад облусунда 6, Нарын облусунда 4, Баткен облусунда 1 жана Талас облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.

Ал эми куткаруу кызматтары 1 эшик ачуу, 1 суу кырсыгынан куткаруу, 1 шахтага тосмо орнотуу иш-чараларын аткарышты.

Жанылыктар