Муратбек Бегалиевге искусство жана көркөм адабият орденинин кевалери наамы ыйгарылды

 Муратбек Бегалиевге искусство жана көркөм адабият орденинин кевалери наамы ыйгарылды

Франциянын маданият министри Рима Абдул-Малак Кыргыз Республикасынын эл артисти Муратбек Бегалиевге искусство жана көркөм адабият орденинин кевалери наамын ыйгарды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиргендей, мындай даражалуу наамды тапшыруу аземи Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтүп, ага маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу катышып, сыйлыкты Франциянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Франсуа Делаус тапшырды.

Аталган сыйлык искусство жана адабият ордени 1957-жылы искусство, адабият тармагындагы жетишкендиктери үчүн жана искусство менен адабиятты Францияда жалпы дүйнөгө жайылтууга кошкон салымы үчүн өзгөчөлөнгөн инсандарга ыйгаруу максатында түзүлгөн.

Жанылыктар