Муктаждык чечилди. Кара-Сууда жаңы балдар бакчасы ачылды

 Муктаждык чечилди. Кара-Сууда жаңы балдар бакчасы ачылды

Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Баш-Булак айылында 90 орундуу жаңы бала бакча пайдаланууга берилди. Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз Исхак Туратбеков кабарлады.

Ачылыш аземине Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, райондун акими Турусбек Ногоев катышты.

“Ушуну менен айылда экинчи бала бакча пайдаланууга берилди. Бул жерде алты тарбиячы, бир мээрбан айым иштейт. Бул айылда калк жыш жайгашкандыктан бала бакча жетишсиздиги күч эле”,-деп айтылат маалыматта.

Бала бакчанын сметалык баасы 16 миллион 461 миң сомду түзүп, жергиликтүү бюджеттен каржыланды.

Жанылыктар