Муфтияттын жаңы имаратын Раим Матраимовдун фонду куруп жатканы айтылды

 Муфтияттын жаңы имаратын Раим Матраимовдун фонду куруп жатканы айтылды

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жаңы имаратын “Раим миллион” деген каймана аты менен белгилүү Райымбек Матраимовдун “Исмаил-Ата” фонду куруп жатканы айтылды. Бул маалыматты муфтияттын басма сөз кызматы тастыктады.

“Муфтият кеңсени ижарага алып отурат. Ошондуктан жаңы имаратты курууга бир жылдан бери фонддорго, ишкерлерге кайрылып келгенбиз. Жаңы имарат быйыл бүтөт. Азырынча бир эле ишкер демөөрчү болууда. Мамлекеттен каражат бөлүнгөн эмес, ишкерлердин колдоосу менен курулуп жатат”, – деп айтылат басма сөз кызматынын маалыматында.

Курулуш иштери мындан 1,5 ай мурда башталып, капсула жарым ай мурда салынган. Ал эми жаңы имаратты курууга канча каражат жумшалары айтылган жок.

Кечээ, 30-августта Исмаил Матраимов атындагы “Исмаил-Ата” коомдук кайрымдуулук фонду Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жаңы имаратына капсула салынганы тууралуу кабарлаган.

Белгилей кетсек, бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов коррупция боюнча айыпталып, 2020-жылдын 20-октябрында кармалган. 2021-жылдын февраль айында УКМКга сурак бергенден кийин экинчи жолу кармалган. Ага кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга байланыштуу айып тагылган.

 

Жанылыктар