Муфтият Түркиядагы жабыр тарткандар үчүн 16 млн сомдон ашык жардам топтоду

 Муфтият Түркиядагы жабыр тарткандар үчүн 16 млн сомдон ашык жардам топтоду

Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы Түркиядагы жабыр тарткандар үчүн 16,4 млн сом акчалай жардам топтоду. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдирди. 

Маалыматка ылайык, бүгүн, 16-февралда муфтийдин орун басары Самидин Атабаев Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган баштаган элчилик кызматкерлери менен жолугуп, зилзалада набыт болгон маркумдарга багыштап куран окушту.

Ошондой эле жолугушууда Түркиядагы зилзаладан жабыр тарткандар элден 16 417 294,25 (он алты миллион төрт жүз он жети миң эки жүз токсон төрт) сом акчалай жардамдар топтолуп, бирдиктүү мамлекеттик эсепке которулганы айтылды.

Белгилей кетсек, бир тууган түрк элине моралдык колдоо катары ушул кезге чейин мечит-медреселерде 46 260 пара Куран жана 4444 жолу салават айтылып, дубалар кылынган. Учурда да тынымсыз Куран хатм кылуу, дуба кылуу, салават айтуу сыяктуу руханий өнөктүк жүрүп жатат.

Жанылыктар