Муфтият Баткен окуясынан жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн штаб түздү

 Муфтият Баткен окуясынан жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн штаб түздү

Кыргызстан муфтийи Замир кары Ракиевдин буйругу менен Баткен облусунда болуп жаткан окуялардан жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча ыкчам штаб түзүлдү. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдирди. 

Ыкчам штабга Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жетекчилиги жана өлкө аймагындагы казылар киришип, райондордун борборлорунда жардам чогултуу пункттарын ачуу боюнча иштер башталды.

Штабдын ишин Азирети Муфтий Замир кары Ракиев өз көзөмөлүнө алып, уюштуруу иштерин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиевге тапшырды.

Муну менен катар Азирети Муфтий өлкөдөгү расмий дин кызматкерлерине намаздарда мамлекетибиздин бүтүндүгүн, элибиздин биримдигин тилеп, дубаларды кылуу жана хатм Курандарды баштоо боюнча тапшырмаларды берди.

ЭСКЕРТҮҮ: райондун борборлорунда ачылган жардам чогултуу пункттарынын даректери боюнча кошумча маалыматтар берилет.

Жанылыктар