ОшТВ телерадиокомпаниясы

Москвадагы массалык мушташ. 20 жаштагы кыргызстандык камалды    

 Москвадагы  массалык мушташ. 20 жаштагы кыргызстандык камалды    

Москвада 20 жаштагы кыргызстандык Таган районунда массалык мушташка катышканы үчүн кармалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилиги билдирди.

Маалым болгондой, массалык мушташ 9-январда болгон. Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны кармалды. Мындан тышкары дагы эки кыргызстандык административдик жоопкерчиликке тартылды.

Элчиликтен тиешелүү суроо-талап Ички иштер министрлигинин Таган райондук бөлүмүнө жөнөтүлдү. Маселе Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн көзөмөлүндө.

Буга чейин Москвада 400гө жакын мигрант мушташка катышканы үчүн 40 жылга Орусия Федерациясына кирүүгө тыюу салынганы маалымдалган.

Кошумчалай кетсек,  2021-жылдын июнь айынан ноябрь айына чейин Орусияда эмгек мигранттарынын  катышуусунда кеминде 12 массалык мушташы болгон.

Жанылыктар