Москвада таксист муунтуп өлтүрүлгөн. Ал кыргыз жараны экени айтылууда

 Москвада таксист муунтуп өлтүрүлгөн. Ал кыргыз жараны экени айтылууда

Москвада таксист муунтуп өлтүрүлгөн. Бул тууралуу маалымат Россиянын Москва шаары боюнча тергөө комитетинин сайтында жарыяланды.

Бул иш боюнча “Адам өлтүрүү” беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

“Тергөөнүн маалыматына ылайык, Москва шаарынын Ельнинская көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн короосунда такси унаасынын ичинен 1972-жылы туулган айдоочунун сөөгү табылган. Ал муунтуп өлтүрүлгөн. Таксинин айдоочусун өлтүрүүгө шектелген жаран Москванын батышында кармалган. Анын жанынан өлтүрүлгөн жарандын банктык картасы табылган”, – деп айтылат маалыматта.

ЖМКлар маркум Кыргызстандын жараны экенин жазышууда.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар