Москвада үйү жок сегиз кыргызстандык табылды. Аларга Кыргыз  элчилиги көмөк көрсөтүүдө

 Москвада үйү жок сегиз кыргызстандык табылды. Аларга Кыргыз  элчилиги көмөк көрсөтүүдө

Москвада Кыргызстандын сегиз жараны туруктуу жашаган жери жок экени аныкталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

Анын айтымында, 24-25-январда консулдук бөлүмдүн кызматкерлери Павелецкий, Казанский, Курский, Ярославский, Ленинград вокзалдарына барып, турмуштук оор кырдаалга туш болгон кыргызстандыктарга консулдук-укуктук жардам көрсөтүшкөн.

Казанский жана Павелецкий темир жол станцияларында туруктуу жашаган жери жок сегиз мекендеш аныкталды. Алардын төртөө консулдук жардам көрсөтүүдөн баш тартышкан. Алардын экөө мекенине кайтууга күбөлүк алып, кыргыз диаспора бирикмелеринин жардамы менен Кыргызстанга авиа билеттерди сатып алышкан.

Бир жаранга кийин ишке орношуу менен паспорт алууга жардам берилет.

Мындай иш-чаралар Орусиядагы кыргызстандыктардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун алкагында байма-бай өткөрүлүп келет.

Жанылыктар