Москва: Эки кыргыз жаранынын өлүмүнөн кийин бир адам камалды

 Москва: Эки кыргыз жаранынын өлүмүнөн кийин бир адам камалды

Москва шаарында эки кыргыз жана бир тажик мигранты мерт болгон окуяга байланыштуу аларды жалдаган ишкананын жетекчиси камакка алынды. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитети кабарлады.

Үч адамдын өмүрүн алган окуя Москва шаарынын Люблино районунда 7-августта болгон. Катуу жааган жаандан улам суу топтолгон коллекторду 15 жумушчу тазалап жаткан маалда суунун агымы дароо көбөйүп кеткен.Орусиялык басылмалар суу коллекторунда кырсык болгон кезде ал жерден беш адам люктан өз алдынча чыгып кеткенге үлгүргөнүн, калгандарын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери куткарып калып, үч кишини куткарууга жетишпей калганын жазышкан.
Каза болгон кыргызстандык жарандар 23 жаштагы Кайрат Баймурза уулу, 20 жаштагы Баястан Карыбек уулу экени белгилүү болгон.

Жанылыктар