Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын башкы адиси кармалды

УКМК тарабынан Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын башкы адиси кармалды.
Белгилүү болгондой, аталган кызматтын өкүлдөрү тарабынан “Кадастр” мамлекеттик мекемеси тарабынан иш жүзүндөгү алынган кирешесин мыйзамсыз аз көрсөтүү фактылары аныкталды.
“Кадастр мамлекеттик мекемесинин Финансылык-экономикалык анализ жана мамлекеттик сатып алуулар башкармалыгынын начальнигинен 3 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара алып, атайылап аныкталган ашыкча баалоону 34 млн 969 миң сомдон 2 млн 500 миң сомго чейин максаттуу түрдө кемиткени аныкталган. Анын натыйжасында мамлекеттин финансылык кызыкчылыгына 32 млн 469 миң сом зыян келтирилген”,-деп айтылат маалыматта.
Аталган көлөмдөгү акчаны жашыруу боюнча Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын башкармалыгынын башкы адиси А.Э.У. УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда бул кылмышты жасоого тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.