Мобилизациядан улам Россиядан качкандардын саны артууда

 Мобилизациядан улам Россиядан качкандардын саны артууда

Мобилизациядан улам Россиядан качкандардын саны артууда. Маселен, Астрахань облусундагы орус-казак чек арасындагы “Караозек” көзөмөл-өткөрмө бекети аркылуу өтүүнү каалагандар 15 саатка чейин кезек күтүп жатканын билдиришүүдө. Маалыматка караганда, 23-сентябрдын кечинде чек арадан өтүү үчүн кезек күткөн унаалар 7 чакырымга чейин созулган.

Россиянын чек араларындагы узун кезек президент Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялагандан кийин пайда болду. “Караозек” көзөмөл-өткөрмө бекети аркылуу өткөндөрдүн басымдуу бөлүгү Украинага жөнөтүү ыктымалдуулугу жогору болгон 18-50 жаштагы жарандар.

Күбөлөрдүн айтымында, Астрахань облусу аркылуу жергиликтүүлөр гана эмес Москва, Ростов, Крым жана башка номурлуу машиналар да өтүп жатат.

Эске салсак, 21-сентябрда президент Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялаган. Анын алкагында согушка запастагы жоокерлер тартылары кабарланган. Коргоо министри Сергей Шойгу мобилизация жарлыгынын алкагында 300 миңдей адам аскерге тартыларын айтып, бул мындан ары да пландуу улантыларын билдирген.

Мобилизация жарыялангандан кийин Москвадан жакынкы, визасыз барчу өлкөлөргө, анын ичинде Стамбулга, Ереванга, Бакуга, Астанага, Ташкентке жана Бишкекке билеттер кескин кымбаттап кетти. Көпчүлүк каттамдарга билеттер калбай да калган.

Жанылыктар