Мобилизация жарыялангандан кийин Россияда дайынсыз жоголгон тажик мигранттары көбөйдү

 Мобилизация жарыялангандан кийин Россияда дайынсыз жоголгон тажик мигранттары көбөйдү

Россияда “жарым-жартылай” мобилизация жарыялангандан кийин “Озоди” радиосуна бул өлкөдө иштеп жүргөн тажик мигранттары дайынсыз жоголгону тууралуу көптөгөн кайрылуулар келди.

Россияда Тажикстандан барган мигранттар жоголуп жатканы тууралуу билдирүүлөр 10-октябрда Эхсон Аминзода аттуу тажик жараны дайынсыз жоголгону кабарлангандан кийин пайда боло баштаган.

Алсак, Тажикстандын Рудаки районунун 24 жаштагы тургуну Акрамжон Шоисматов 10-октябрда дайынсыз жоголгон. Анын таежеси Сайёра Азизова “Озоди” радиосуна телефон чалып, Акрамжон ал күнү жумушунан телефонун оңдотуп келүү үчүн суранып кеткен бойдон кайтып барбаганын айтып берген.

20 жаштагы Душанбенин тургуну Саддам Садиров болсо 5-октябрда Москвада жоголгон. Жакындарынын айтымында, ал достору менен жолугуу үчүн кеткенин айтып, ошол бойдон байланышка чыккан эмес.

Тажикстандын Россиядагы элчилиги дайынсыз болуп жаткан айрым мигранттардын жакындары мекемеге жардам сурап кайрылганын билдирди.

“Мигранттардын жакындары алар Украинадагы согушка жөнөтүлгөн болушу мүмкүн экенин айтып жатышат. Бирок бизге тажик жарандарын мажбурлап Украинага жөнөтүп жатканы боюнча эч ким кайрылган жок”, – деп билдирди элчилик кызматкери.

Ошол эле маалда Россияда дайынсыз жоголгон тажик жарандары Тажикстандын аймагында табылган учурлар да жок эмес. 12-октябрда ооган-тажик чек арасында Россияда жоголгон 20 жаштагы Мухаммад Дилшодбойзода кармалган. Тажикстандын Ички иштер министрлиги ал Ооганстандын аймагына өтүүгө аракет кылган маалда Тоолуу Бадахшан автоном облусунун Дарваз районунда кармалганын билдирген.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар