Мобилизация жарыялангандан кийин Москвада авиабилеттер кымбаттады

 Мобилизация жарыялангандан кийин Москвада авиабилеттер кымбаттады

“Верстка” басылмасы 21-сентябрга Москва–Стамбул жана Москва–Ереван түз каттамдарына билеттер бир нече сааттын ичинде эле толук сатылып кеткенин жазды.

“Аэрофлоттун” сайтында 21-сентябрга Москва-Минск каттамына билеттер жок калып, 22-сентябрга эконом-класска 43 106 рублден, бизнес-класска 106 631 рублден сатылууда. Бул адаттагы баасынан 10 эсеге кымбат.

Азырынча Беларус Орусиянын жарандары үчүн “ачык терезе” бойдон калууда – алар бул өлкөгө ички паспорттору менен кирсе болот. Мындан тышкары орусиялыктар Беларуска автобус же жеке автоунаа менен барган учурда алар үчүн чек ара көзөмөлү жок. Орус жарандарынын документтери алар учуп барганда гана транспорттук компаниялардын кызматкерлери тарабынан текшерилет.

Орусиядан Беларуска азырынча поезд же автобус каттамдарына билет сатып алса болот.

Жанылыктар