ММА мушкери Бусурманкул Абдибаит уулу Москвада ооруканага жатты

Кыргызстандык ММА мушкери Бусурманкул Абдибаит уулу Москвадагы ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу ТАССтын журналисти Игорь Лазорин Instagram баракчасына билдирди.
Белгилей кетсек, бүгүн кыргызстандык спортчу Eagle FC чемпиону наамы үчүн Расул Магомедов менен беттешиши керек болчу.
«Менин билишимче, Бусурманкул ооруканага жаткырылган, анын Eagle FC турниринде Расул Магомедовго каршы беттеши токтотулган. Бусурманкулдун ден соолугу салмактан арылуу учурунда абдан начарлап кеткен. Ооруканага жаткыруу чечими кабыл алынды. Диагноз: «бөйрөктүн курч жаракаты, билирубинемия, коагулопатия». Венага куюлуучу инфузиондук терапия менен дарылоону талап кылат. Азыр мушкер дагы эле ооруканада жана ал жерде жок дегенде бир жума калат «, — деп жазат ал Instagram баракчасына.
Эске салсак, Eagle FC промоушнунун негиздөөчүсү — UFCнин мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов. Ал Кыргыз Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Бусурманкул Абдибаит уулу EFCнын жеңил салмактагы жаңы чемпиону болгон учурда кыргызстандык мушкердин жогорку деңгээлин белгилеген.