Митингчилер Алматынын акимчилигин басып алышты

Казакстандын түштүк-батышында газдын кымбаттап кетишинен улам жыл жаңырары менен нааразычылык акциялары башталган.
Казакстанда нааразычылык акциясына чыккандар Алматы шаарындагы акимчиликти басып алышты. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Алгач имарат сыртында 3000дей кишинин турганы айтылган. Аларга 1500дөй полиция кызматкери каршылык көрсөттү.
Ал эми акимчиликтин ичине кирип келгендерге тартип сакчылары кулак тундуруучу гранаталарды колдонушкан. Митингчилер да дагы кулак тундуруучу граната, калкан жана таяк менен куралданганы айтылды.
Ошол эле учурда экинчи топ президенттин мурдагы резиденциясын көздөй бет алды.