Мирланбек Токтомушов Ош шаарынын казысы болуп дайындалды

Бүгүн, 28-январь күнү Мирланбек ажы Токтомушов Ош шаарынын мусулмандарынын казысы болуп дайындалды. Бул тууралуу мутияттын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев кол койгон. Буйрукту Азирети Муфтийдин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев тааныштырды.
Мирланбек ажы Токтомушов жөнүндө кыскача маалымат:
Туулган жылы: 07.06.1980
Туулган жери: Ош обл, Кара-кулжа району Ылай-Талаа айылы
Диний билими:
1997-1999 ж.ж. Бишкек шаарындагы “Хазирети Умар” ислам институту
1999-2003 ж.ж. Сирия араб мамлекети “Айнь аль-Араб” ислам институту
2010-2014 ж.ж. Ош “Абдужапар” ислам институту
2010-2017 ж.ж. Ош Мамлекеттик Юридикалык институту, укук таануу адистиги
Жумуш тажрыйбасы:
2011-жылдан бери “Шейит-Дөбө” мечитинин баш имам-хатиби
2014-2019 жж. Ош шаарындагы Ак-Буура батыш хатибиятынын баш имам-хатиби
2019-2022-ж.ж. Ош шаарынын мусулмандар казысынын орун басары
2022-жылдын октябрь айынан баштап, Ош шаарынын мусулмандар казысынын милдетин аткаруучу болуп эмгектенип келген.