Министр: жаңы окуу жылы кайрадан 1-сентябрда башталат

Окуу жылынын башталышын 1-сентябрга жылдыруу боюнча министрлер кабинетинин токтому даярдалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев билдирди.
Бир нече депутаттар окуу процессинин башталышын 15-сентябрга жылдыруунун туура эместигин жана салттуу даталарга кайтуу зарылдыгын дароо белгилешти.
«Баарыбыз үчүн 1-сентябрь Билим күнү, 25-май акыркы коңгуроо. Жер-жерлерде кол топтоо жүрүп жатат, кыргызстандыктар 1-сентябрдан баштап окууну кайтарууну суранып жатышат”, – дейт депутат Алишер Козуев.
Чиновник түшүндүргөндөй, жакынкы эки жуманын ичинде бул маселе чечилип, министрлер кабинетинин тиешелүү токтому кабыл алынат — окуу жылы салттуу түрдө 1-сентябрда башталат.