Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Эл аралык Түрк маданияты уюмунун Баш катчысы Султан Раевди кабыл алды

 Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Эл аралык Түрк маданияты уюмунун  Баш катчысы Султан Раевди кабыл алды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Эл аралык Түрк маданияты уюмунун (ТҮРКСОЙ) Баш катчысы Султан Раевди кабыл алды.Акылбек Жапаров Султан Раевди жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктады.Жапаров анын тажрыйбасы ТҮРКСОЙго мүчө мамлекеттердин ортосундагы маданий байланыштарды жана достук мамилени өнүктүрүүгө жана чыңдоого чоң салым кошо тургандыгына ишенимин билдирди.Ошондой эле жолугушууда Түркияда күзүндө өтүүчү IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна даярдык көрүү жана уюштуруу иш-чаралары талкууланды.Мындан сырткары, уюмдун негизделишинин 30 жылдыгына карата 2023-жылы пландаштырылган иш-чараларга өзгөчө көңүл бурулду.

Жанылыктар