Министрлер кабинети жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу маселесин карап, виза режимин жеңилдетүүнү тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов президенттин «Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, ишке орноштуруу органдарынын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн жана коомдук активисттердин катышуусунда жыйын өткөрдү.
Анда эмгек мигранттарын ишке орноштурууда мамлекеттик органдардын ишин координациялоону күчөтүү маселеси каралды. Мекендештерге сапаттуу юридикалык көмөк көрсөтүү, камсыздандырууну киргизүү, мыйзамдуу түрдө жумушка орноштурууну жеңилдетүү боюнча тапшырмалар берилди.
Мындан сырткары виза режимин жеңилдетүү жана ишке чыгуу мүмкүнчүлүгү боюнча келишим түзүү иштерин тездетүү тапшырылды.
«Министрлер кабинетинин негизги артыкчылыктуу иши өлкөнүн ичинде жумушчу орундарын түзүү болуп саналат. Учурда биз республикага тейлөө көрсөтүү жана өндүрүш тармагындагы гана эмес, мектептерге, ооруканаларга, мамлекеттик мекемелерге да адискөй кадрларды кайтарууга умтулуудабыз. Бирок жакынкы жылдары бизде жаштардын эсебинен жумушчу күчүнүн арбын болушу күтүлөт. Алардын чет өлкөдөн жакшы маяналуу жумушка орношуусу үчүн активдүү аракеттерди көрөбүз. Алар анда экономиканы өнүктүрүү жана ага инвестиция салуу үчүн талап кылынган көндүмдөрдү да ала алышат», — деген Байсалов.
Ушул жылдын башында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Чет жердеги жарандарды эмгекке орноштуруу борбору түзүлгөн.