Министрлер Кабинети: «Кыргыз темир жолу» ишканасына 100 жүк ташуучу вагон сатып алынат

Министрлер Кабинети акыркы жүз күндө курулуш, транспорт, жол жана коммуникациялар тармагында аткарган иши тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
— Бишкек — Москва — Бишкек жана Москва — Бишкек — Москва туруктуу авиакаттамдарынын саны жумасына 3төн 7 рейске чейин көбөйтүлдү;
— «Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол автожолун (Балыкчы-Барскоон участогу, 0–141,640 км.) реконструкциялоо боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу боюнча Министрлер Кабинетинин чечими кабыл алынды;
— Будапешт – Бишкек – Будапешт багытында жаңы аба каттамы ачылды;
— «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасына 100 жүк ташуучу вагон сатып алуу чечими кабыл алынган, анын ичинен 10 жүк ташуучу вагон өлкөгө алынып келинди;
— «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын республикалык бюджет алдындагы 500 млн сом өлчөмдөгү карызын жоюу маселеси чечилди;
— жарандардын аяр категориялары үчүн 2017-жылдын үлгүсүндөгү Кыргызстандын жарандарынын идентификациялык карт-паспортторун акысыз берүү маселеси иштелип чыкты;
— транспорт каражаттарын жыйымдын нөлдүк ставкасы менен кайра каттоо маселеси иштелип чыкты.