Министрлер Кабинети: коронавирустун жайылуусу кескин жогорулашы ыктымал

 Министрлер Кабинети: коронавирустун жайылуусу кескин жогорулашы ыктымал

Өлкөдө жакынкы жумаларда жарандардын коронавирус инфекциясына чалдыгуусу кескин жогорулашы ыктымал. Бул тууралуу коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча Республикалык штабдын бүгүн, 25-январдагы жыйынында айтылды. 

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев республикадагы эпидемиологиялык абал жана жүргүзүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди. Белгиленгендей, жакынкы жумаларда жарандардын коронавирус инфекциясына чалдыгуусу кескин жогорулашы ыктымал.

Алымкадыр Бейшеналиев билдиргендей, республиканын стационардык медициналык мекемелери электр энергиясы менен касыздоочу генераторлор менен камсыздалган жана электр жарыгынын кыска убакытка өчүүсү алардын ишине терс таасирин тийгизе албайт.

Эдил Байсалов саламаттык сактоо тутумун COVID-19 оорусунун күчөшү ыктымалдыгына карай толук даярдыгын камсыздоону жана зарыл болгон учурда дарылоо мекемелеринде кошумча орундарды ыкчам ачуу, суюк кычкылтек станцияларын ишке киргизүү маселесин чечүүнү тездетүү сыяктуу бир катар тапшырмаларды берди.

Жанылыктар