“Министр мазактоону токтотсун”. ЖК депутаттары Бейшеналиевдин жүрүм-турумуна нааразы

 “Министр мазактоону токтотсун”. ЖК депутаттары Бейшеналиевдин жүрүм-турумуна нааразы

Парламенттин  бүгүн, 17-марттагы жыйынында депутаттар саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин белгилүү академиктерге, хирургдарга кылган мамилесине нааразылык билдиришти.

Депутат Бактыбек Сыдыков президентке, министрлер кабинетинин төрагасына маалымат жеткирип, аткаминерлер мамлекеттик кызматкердин этикасын сактабай жатышканын айтып барууну өтүндү. Эл өкүлү Бейшеналиевдин белгилүү дарыгерлерге кылган мамилесине чара көрүүнү, министрди Эрнст Акрамовдон кечирим суратууну сунуштады.

«Биз Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишине кийлигишпейбиз. Министр реформаларын туура багытта жасап жатат. Бирок анын улуу академик Эрнст Акрамов сыяктуу адамдарга кылган мамилесине көз жуумп коё албайбыз. Акрамов 85 жашта. Ал бүт өмүрүн саламаттыкты сактоо тармагына арнады. Жашаган үйү жок, туугандары жок, ошол үчүн ал өзү иштеген ооруканада жашап жаткан. Ушундай адамды министр «лопух» деп атаганга такыр акысы жок» , — деди ал.

Ошондой эле, депутат Камила Талиева да Бейшеналиевдин хирургдарга карата өчү же өксүгү бардай сезилерин айтып,  аларга жасалып жаткан мамиле мазактоого барабар деп, министрдин этикага туура келгендей иш кылуусун талап кылды.

«Мамлекеттик кызматкердин этикасына ныпым туура келбеген иштерди жасап жатат. Буга көңүл буруу болушу керек. Анын өксүгү же өчү барбы? Өксүгү бардай бардык хирургдарды мазактап жатат. Мына Жалал-Абадда Калдарбек Абдраманов деген кардиохирург бар, аны да кызматтан алыптыр, бир-эки даана калган хирургдарыбызды сактайлы. Эмне деген саясат жүрүп жатат? Албетте, министрдин реформаларын колдойлу деп жатабыз, бирок ал да мазактоолорун токтотсун. Бүт соцтармакта уят болуп жатат», — деди депутат Талиева.

Ушундай эле маселени эл өкүлдөрү Дастан Бекешев, Кундузбек Сулайманов жана Исхак Масалиев да көтөрдү.

Төрага Талант Мамытов бардык маселе мыйзам чегинде чечилиши керектигин, түшүнүктөр менен жашабай, саламаттыкты сактоо министрине чара көрүп, тиешелүү чечимдер кабыл алынышы керектигин айтты.

Буга чейин, 14-мартта Чүй облустук ооруканасындагы калыбына келтирүүчү хирургия илимий институту жабылып, хирург Эрнст Акрамов иштен алынганын министр Алымкадыр Бейшеналиев билдирген. Борбордун түзүмү өзгөрүп, ага жаңы башкы дарыгер дайындалган. Эртеси 15-мартта Улуттук госпиталда травматология бөлүмүн ачып жатып, Акрамовду сындап, ал ооруканага атын берүүгө татыктуу эмес экенин айткан.

85 жаштагы хирург Эрнст Акрамов ошол ооруканада жашай турганы да белгилүү болгон. Буга байланыштуу 15-мартта жарандык активисттер жана дарыгерлер Чүй облустук ооруканасындагы калыбына келтирүүчү хирургия илимий институтунун жабылышына каршы пикирлерин билдирип, кайрылуу жасашкан. Алар Акрамовдун ысымын ооруканага ыйгарып, өзүнө жашай турган үй берүүнү сунушташкан.

Жанылыктар