Милициянын кайгуул кызматынын жетекчилери ротацияланды. Тизме

 Милициянын кайгуул кызматынын жетекчилери ротацияланды. Тизме

Ички иштер министринин буйругунун негизинде жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын айрым жетекчилери ротацияланды. 

Ротацияланган жетекчилер:

– ЖКККББнын Ысык-Кѳл ОИИБ боюнча ЖКККБнүн начальниги Жангабылов Бактыбек Кемелович, ушул эле башкы башкармалыктын Нарын ОИИБ боюнча ЖКККБнүн начальниги кызматына дайындалды;

– ЖКККББнын Бишкек ШИИББ боюнча МККБнын начальниги Исаков Алмазбек Карыпович, ушул эле башкы башкармалыктын Талас ОИИБ боюнча ЖКККБнүн начальниги кызматына дайындалды;

– ЖКККББнын Талас ОИИБ боюнча ЖКККБнүн начальниги Барпив Максат Таалайбекович, ушул эле башкы башкармалыктын Ысык-Кѳл ОИИБ боюнча ЖКККБнүн начальниги кызматына дайындалды;

– ЖКККББнын ЖКК жана укук колдонуу практика башкармалыгынын начальнигинин орун басары милициянын капитаны Шергазиев Узакбек Жаныбекович, ушул эле башкы башкармалыктын Ош ОИИБ боюнча ЖКККБнүн начальниги кызматына дайындалды;

– ЖКККББнын Ош ОИИБ боюнча ЖККБнын начальниги милициянын полковниги Досов Авазбек Маканбаевич, ушул эле башкы башкармалыктын Бишкек ШИИББ боюнча МККБнын начальнигинин милдеттерин убактылуу аткаруучу кызматына дайындалды;

–  ЖКККББнын Нарын ОИИБ боюнча ЖКККБнын Жумаев Жакыпбек Кеңешбекович, ээлеген кызмат ордунан тѳмѳндѳтүү менен бошотулуп, КР ИИМдин ЖКККББнын карамагына калтырылды.

Кѳрсѳтүлгѳн жетекчилер 13-февралдан тартып дайындалган аймакта кызматка киришет.

 

 

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар