Милиция: уурулукка шектелип мамыга байланган жаран психикалык жактан жабыркайт

 Милиция: уурулукка шектелип мамыга байланган жаран психикалык жактан жабыркайт

Бишкектин Ак-Ордо конушунда уурулукка шектелип мамыга байланган адам психикалык жактан жабыркайт. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ал милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Шектүү 20-июнда саат 15:00-16:00дөр чамасында конуштагы үйлөрдүн бирине кирип, бут кийимдерди жана уюлдук телефонду алып чыккан. Материалдык чыгымдын суммасы 14 миң 500 сомду түзөт.

Милицияга арыз менен 56 жаштагы А.Л. кайрылган. Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен катталган.

Жергиликтүү тургундар тарабынан кармалган 57 жаштагы Э.Ф. тергөө кызматына жеткирилген. Анын туугандарынын айтымында, Э.Ф. психикалык ооруканада каттоодо турат. Шектүүнүн туугандары соцтармакта тараган видеого байланыштуу арыз жазуудан баш тарткан.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Эскерте кетсек, күн мурун соцтармактарда Ак-Ордо конушунда ууру деп адамды мамыга байлап койгон видео тараган.

Жанылыктар