Милиция Социал демократиялык партиясынын добуш сатып алуу фактысын аныктады

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Кара-Суу районундагы Шарк айыл аймагынын 23 жаштагы тургуну Т.Ж., 24 миң акчаны 24 жаранга 1000 сомдон таркаткандыгын аныкташты. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басам сөз кызматы кабарлады.
Тергѳѳ учурунда белгилүү болгондой бул жаранга «Н» ысымду таанышы шайлоо күнү Социал демократиялык партиясынын №5 тизмедеги талапкерге “шайлап койгула” деп он күн мурда 100 миң сом акча таштап кеткен. Ал акчанын 24 миңин жакын туугандарына таркатып, калган 76 миң сомун “Н” ысымдуу таанышына 2021-жылдын 25-ноябрында кайтарып, аны менен кошо акча алган 24 адамдын тизмесин жана паспорт кѳчүрмѳлѳрүн кошуп бергендиги белгилүү болду.
Ал эми акча алган жарандар тергѳѳгѳ алынып келип, ыктыярдуу түрдѳ алган акчаларын тергѳѳгѳ ѳткѳрүп беришти. Топтолгон материалдардын жана далил буюмдардын негизинде акча таркаткан Ош шаарынын 26 жаштагы тургуну Х.Н. жана 23 жаштагы Т.Ж кармалып, тергѳѳ иштери улантылууда. Акча таркаткан 26 жаштагы Х.Ндин аталаган партияга кандай тиешеси бардыгы боюнча тактоо иштери жүрүп жатат.